29

Март

2024

Минкаб башчысы Акылбек Жапаров АӨБ менен артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулады 

Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн директору Чжэн Вуну кабыл алды.
 
Жолугушууда тараптар энергетика, транспорт, саламаттыкты сактоо, билим берүү, климаттын өзгөрүшү, турак-жай саясаты жана айыл чарба тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун биргелешкен долбоорлорун талкуулашты.
 
Маектешүүдө, Камбар-Ата №1 ГЭСинин курулуш долбоорун ишке ашырууга өзгөчө көңүл буруп, бул Кыргызстан үчүн гана эмес, бүтүндөй Борбор Азия аймагы үчүн маанилүү долбоорлордун бири экенин белгилешти.
 
Минкаб башчысы долбоордун алдын ала баасы 4,5 миллиард АКШ долларын түзөөрүн баса белгилеп, ресурстарды тартуу үчүн эл аралык инвестициялык форум пландалып жатканын кошумчалады.
 
Андан ары тараптар айыл чарба тармагындагы кызматташууну кеңири талкуулашты.
 
Бул контекстте тараптар ата мекендик дыйкандарды жана өндүрүүчүлөрдүн продукцияларын чет өлкөлөргө экспорттоо үчүн шарттарды түзүү жана өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүү жагынан колдоо көрсөтүү зарылдыгын белгилешти.
 
Жыйынтыгында тараптар белгиленген багыттар боюнча күч-аракеттерди топтоо, ошондой эле өз ара кызыкчылык жараткан бардык чөйрөлөрдө биргелешкен долбоорлорду көбөйтүүгө күч-аракет жумшоого макулдашышты.
 
«Келгиле, тез-тез жолугушалы», - деп сөзүн жыйынтыктаган Минкаб башчысы, АӨБ президентин Кыргызстанга келип кетүүгө расмий чакырууну жеткирип коюну өтүндү.