30
Март
МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргызстанга иш сапары менен келген СУАРдын Элдик Өкмөтүнүн Төрагасы Эркин Туниязды тосуп алды
Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун (КЭР СУАР) Элдик Өкмөтүнүн Төрагасы Эркин Тунияз Кыргыз Республикасына иш сапары менен келди. Эркин Туниязды “Манас” эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев тосуп алды.
Белгилей кетсек, эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана тоо-кен тармактарында кызматташуу тууралуу эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт. Ошондой эле, кыргыз-кытай ишкерлеринин жолугушуулары жана маданий программалар уюштурулат.