12
Апрель
Минкаб Аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо эрежелерин жана борбор калаанын ТЭЦинде авариялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын корутундусун бек
Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынында “Атракциондорду коопсуз эксплуатациялоо эрежелерин бекитүү тууралуу” токтом кабыл алынды.
Бул долбоор Евразия экономикалык биримдигинин “Атракциондордун коопсуздугу жөнүндө” Техникалык регламентинин жоболорун ишке ашыруу максатында иштелип чыккан жана аттракциондук жабдууларды колдонууда объектилерде кырсыктарды, инциденттерди жана травмаларды алдын алууга багытталган.
Ошондой эле, аттракциондук жабдууларды эксплуатациялоо чөйрөсүндө жарандардын өмүрүн жана ден соолугун, жеке жана юридикалык жактардын мүлкүн, мамлекеттик жана муниципалдык менчикти коргоо максатында да кабыл алынган.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен Бишкек ЖЭБиндеги авариялык кырдаалдын келип чыгуу себептерин аныктоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын корутундусу бекитилди.
Корутундуга ылайык, бир катар техникалык бузуулар аныкталган:
– Бишкек ЖЭБинде иштеп жаткан жабдуулар даярдоочу тарабынан белгиленген стандарттык кызмат мөөнөтүн толугу менен өтүп, эскирген;
– от казан цехинин тегирмендик жабдууларында жарылууну жана өрттү активдүү өчүрүү жана изоляциялоо тутумун өз убагында калыбына келтирбөө;
– казан агрегаттарында от алдыруучу түзүлүштүн жоктугу;
– оптикалык факелди башкаруу датчиктериндеги жалпы факелдин өчүүсүн коргоонун бузулушу;
– буу казан цехинде абадагы көмүр чаңынын курамынын ашуусу;
– казан цехинин абасында көмүр чаңынын ашыкча концентрациясын өлчөө жана эскертүү үчүн стационардык түзүлүштүн жоктугу;
– долбоордо жарылуу коркунучу бар 2-топтогу көмүрдү жагуу каралган, учурда 4-жарылуу кооптуулугу бар тобунун көмүрлөрү колдонулууда;
– казандарда стационардык кычкылтек өлчөгүчтөрдүн иштен чыгышы;
– эмгек акынын аздыгынан квалификациялуу адистердин алмашуусу.
Техникалык бузуулардан тышкары уюштуруучулук тартип бузуулар да аныкталган:
– «КУЭТ» ААКнын борбордук диспетчердик кызматынын диспетчеринин макулдугусуз жана оперативдүү журналга жазылбастан №18 от казан агрегаты резервге коюлган;
– №14–24 казандарга газ түтүгүнө ротордук тығынды алып салуу жана орнотуу боюнча технологиялык карта боюнча нөөмөт кызматкерлерине максаттуу көрсөтмө берилген эмес;
– №18 от казан агрегатын эксплуатациялоо эрежелерине, коопсуздук эрежелерине, жумушка жана өндүрүштүк инструкцияларга ылайык эксплуатацияга киргизүү боюнча оперативдүү которуу көзөмөлгө алынган эмес;
– буу казан цехинин башкы операторунун кызматтык нускамасынын талаптарын бузуу менен от казан жабдууларынын авариясыз иштеши камсыз кылынбаган;
– №18 казан агрегатын өчүрүү жана күйгүзүү боюнча оперативдүү журналга от казандарды орнотуу боюнча нускаманын талаптарын бузуу менен эч кандай жазуу жасалган эмес;
– газ түтүгүн адегенде тазалабай туруп, нөөмөттөгү персонал өз алдынча, көзөмөлдөөчү адамсыз №18 казан агрегатынын газ күйгүзгүчтөрүн от казанды орнотуу боюнча эксплуатациялоо нускамасынын талаптарын бузуу менен күйгүзө башташкан;
– кызматкерлер жумуш ордунда термикалык күйүүдөн коргоо үчүн отко туруктуу коргоочу кийимдери жок болгон.
Мындан тышкары, функционалдык милдеттерин начар аткаргандыгы үчүн ведомстволор аралык комиссия КР энергетика министри Таалайбек Ибраевге «сөгүш», ал эми КР энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиевге «катуу сөгүш» жарыялоону сунуштады.