13
Апрель
Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын тактала элек аймактары боюнча биргелешип изилдөө иштерин жүргүздү
Жетишилген макулдашууга ылайык, 2024-жылдын 7-апрелинен 13-апрелине чейин Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Бустон шаарында Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жыйыны болуп өттү.
Бул жолугушуунун алкагында топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик
мамлекеттик чек арасынын тактала элек аймактары боюнча биргелешип изилдөө иштерин жүргүздү.
Тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактарды тактоо боюнча ишти улантат.
Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.