18

Апрель

2024

МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев “Кыргызстан-Казакстан” бизнес-форумуна катышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев “Кыргызстан-Казакстан” бизнес-форумунун делегаттарынын алдында куттуктоо сөзүн сүйлөдү.
 
МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары өз сөзүндө эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнүн ортосундагы ишкер мамилелерди чыңдоо үчүн мындай иш-чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
 
Ал ошондой эле Кыргызстанда бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарга токтолуп, казакстандык ишкерлерди Кыргыз Республикасынын долбоорлоруна толук ишеним менен инвестиция салууга чакырды.
 
“Кыргызстан-Казакстан” бизнес форумунун жыйынтыгы боюнча бир катар макулдашууларга жана меморандумдарга кол коюлду.
 
Белгилей кетсек, бул бизнес-форум Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Казакстан Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында өттү.