19
Апрель
МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров “Franklin and Templeton” инвестициялык компаниясынын башкы директору Дженнифер Морроу Жонсон менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Вашингтон шаарына (АКШ) болгон жумуш сапарынын алкагында “Franklin and Templeton” инвестициялык компаниясынын башкы директору Дженнифер Морроу Джонсон менен жолукту.
Жолугушууда мындан аркы кызматташуу пландары талкууланып, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча конкреттүү кадамдар макулдашылды.
Компаниянын башкы директору Кыргыз Республикасы менен узак мөөнөттүү кызматташууга кызыкдар экенин тастыктады.
Белгилей кетсек, 1947-жылы негизделген “Franklin Templeton Investments” инвестициялык компаниясы дүйнөдөгү эң ири инвестициялык компаниялардын бири. Компаниянын жылдык жүгүртүүсү 1,4 триллион долларын түзөт, ал дүйнө жүзү боюнча жеке инвесторлор, институционалдык кардарлар жана мамлекеттик мекемелер үчүн портфелдердин активдерин башкарат.