19
Апрель
МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров ири инвестициялык компаниялардын өкүлдөрүн Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды
Ишкердик мамилелерди чыңдоо жана өлкөбүздүн экономикасына инвестицияларды тартуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Вашингтонго (АКШ) болгон жумуш сапарынын алкагында, ири инвестициялык компаниялардын өкүлдөрү менен эрте мененки бизнес-тамакка катышты.
Жолугушуу өлкөбүздүн экономикасын жана инфраструктурасын өнүктүрүүгө кызыкдар болгон каржы рыногунун негизги оюнчуларын жана топ-менеджерлерин чогултту.
Эртең мененки тамак учурунда экономиканын түрдүү тармактарына инвестиция тартуунун келечеги, ошондой эле бизнес менен өкмөттүн кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
МинКаб Төрагасы инвесторлорго өлкөбүзгө кызыкдар болгондугу үчүн ыраазычылык билдирип, жагымдуу инвестициялык климатты түзүүгө даяр экендигин белгиледи. Ал ошондой эле жалпы өнүгүү максаттарына жетүү үчүн бизнес менен өкмөттүн ортосундагы узак мөөнөттүү өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн кошумчалады.
Эрте мененки бизнес-тамак ачык диалог, пикир алмашуу жана кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн издөө үчүн эң сонун аянтча болуп калды.
МинКаб Төрагасы мындан аркы жемиштүү кызматташууга ишенерин, инвесторлорду үстүбүздөгү жылдын июнь айында Вена шаарында Кыргыз Республикасы тарабынан уюштурула турган форумга катышууга чакырды, мындан тышкары Акылбек Жапаров жолугушуунун катышуучуларын иш сапары менен Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.