15
Май
Кыргызстан менен Кытай биргелешип жаңы “Бедел” өткөрүү пунктун ачуу боюнча талаа иштерин баштады
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев тиешелүү мамлекеттик органдардын жана кызматтардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жеринде ведомстволор аралык кеңешме өткөрүп, анда Ысык-Көл облусундагы кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы «Бедел» көзөмөл-өткөрүү пунктунун ачылышына байланыштуу маселелерди талкуулады.
Ошентип, жумушчу топ «Бедел» көзөмөл-өткөрүү пунктунун алдын ала жайгашкан жерлерин, ошондой эле чек ара жана бажы көзөмөлүнүн объектилерин карап чыкты. Мындан тышкары, Барскоон-Учтурфан-Аксуу автожолунун курулушунун маршруту жана бул объектилердин толук кандуу иштеши үчүн тийиштүү инфраструктураны куруу маселелери талкууланды.
Эске сала кетсек, 2023-жылдын май айында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Кытай Эл Республикасына жасаган иш сапарынын алкагында мамлекет башчысы менен Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин, эки өлкөнүн ортосундагы достуктун жаңы дарбазасы жана кызматташтык көпүрөсү болуу максатында Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы жаңы “Бедел” өткөрмө пунктун ачуу боюнча макулдашууга жетишилген.