15

Май

2024

МинКаб Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов TIKA президенти Серкан Каялар менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) президенти Серкан Каялар менен жолукту. 

Тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоонун келечегин талкуулашты.

МинКаб Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Түркия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү экенин белгиледи.

“Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасы менен болгон кызматташтык жылдарында кыщматташтык жана координациялык агенттиги саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият, социалдык жана башка тармактарда маанилүү долбоорлорду ишке ашырды. Сиздин сапарыңыздын алкагында социалдык багыттагы долбоорлордун ачылышы күтүлүп жатканы кубандырат. Бул долбоорлор өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошот деп ишенем”, - деди Эдил Байсалов.

Өз кезегинде Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) президенти Серкан Каялар меймандостук үчүн ыраазычылык билдирип, кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Сүйлөшүү учурунда ал уюмдун ишмердүүлүгү жана пландалган долбоорлору тууралуу айтып берди.