17

Май

2024

Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү “Жамийла” улуттук мюзиклинде болушту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, ошондой эле Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында ,"Жамийла" мюзиклинде болушту.  

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун повестинин негизинде коюлган мюзикл - оригиналдуу музыка, поэзия, видеоконтент, көркөм жасалга, заманбап сценография, кыргыз элинин салттуу маданияты, фольклордук, хореографиялык жана вокалдык чыгармачылыкты айкалыштырат.