17

Май

2024

Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин Вице-премьери Лю Гочжун Кыргызстанга сапар менен келди

Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин Вице-премьери Лю Гочжун Кыргыз Республикасына сапар менен келди.  

“Манас” эл аралык аэропортунан Вице-премьер Лю Гочжунду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев тосуп алды.  

Сапардын алкагында эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлүп анда көзөмөл-өткөрүү жайлары, соода жүгүртүү, транспорт, курулуш, тоо-кен, билим берүү тармактарындагы маселелер боюнча кеңири сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт, ошону менен бирге маданий программалар уюштурулат.