23

Май

2024

МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров чакан жана орто бизнес өкүлдөрү үчүн “Береке” тиркемесинин бет ачарына катышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров “Айыл Банк” ачык акционердик коомунун “Береке” жаңы мобилдик банкинг тиркемесинин бет ачарына катышты.

Банктык тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча Мамлекеттик салык кызматынын колдоосу менен чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү үчүн иштелип чыккан.

МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров өлкөнү өнүктүрүү үчүн инновациялык технологиялык чечимдерди колдонуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Анын айтымында, бул мобилдик тиркеме ишкерлерге өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө ыңгайлуу болот.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 1-июлунан тартып патенттин негизиндеги соода иштери токтотулат. Бул мөөнөткө чейин патент менен соода жүргүзгөн ишкерлер, эң ылайыктуу салык режимин, тагыраагы 15 млн сомго чейинки кирешелер үчүн 0% ставкасы менен болгон жөнөкөйлөштүрүлгөн бирдиктүү салыктын негизиндеги салык системасын же жалпы салык салуу режимин тандап алышы керек.

МинКаб Төрагасы өлкөдө жүргүзүлүп жаткан фискалдык саясатка токтолуп, өлкөдө накталай эмес төлөмдөрдүн көлөмүн көбөйтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

“Береке” тиркемесинин артыкчылыктары: салык кызматына жана банктарга баруудагы убакытты үнөмдөө, салыктык милдеттенмелерди онлайн режиминде толук башкаруу, чакан жана орто бизнес үчүн уникалдуу жана зарыл тиркеме.