23

Май

2024

МинКаб башчысы Акылбек Жапаров Ашхабад шаарына иш сапар менен барат

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров 2024-жылдын 24-майында өтө турган КМШ өлкөлөрүнүн Өкмөт башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Ашхабад шаарына (Түркмөнстан) барат.

Жыйындын күн тартибинин долбоорунда 12 маселе бар.  Анын ичинде энергетика тармагындагы кызматташуу, эл аралык транспорт коридорлорун өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын кеңири форматта талкуулоо күтүлүүдө. Мындан тышкары, жыйында саламаттыкты сактоо, химиялык өнөр жай, кооптуу калдыктар менен иштөө жана интеллектуалдык менчик жаатындагы укук бузууларга каршы күрөшүү жаатындагы кызматташууга тиешелүү бир катар документтерди кабыл алуу пландалууда.

Түркмөнстанга болгон иш сапардын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар дагы мерчемделүүдө.