24
Май
2024
МинКаб башчысы Түркмөнстандын Ашхабад шаарына иш сапар менен келди
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров 2024-жылдын 24-майында өтө турган КМШ өлкөлөрүнүн Өкмөт башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Ашхабад шаарына келди.
МинКаб башчысы КМШ өкмөт башчыларынын Кеңешинин тар жана кеңири чөйрөдөгү жыйындарына катышат. Мындан тышкары эки тараптуу бир катар жолугушууларды өткөрүү пландалган.