29

Май

2024

МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу маселесине байланышкан жыйын өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун жетекчилиги алдында министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин катышуусунда Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн жаңы программасын иштеп чыгуу маселесин талкуулаган жыйын болуп өттү. 

Анда МинКаб Төрагасы  Акылбек Жапаров “Бүгүн биз алдыда аткарыла турган көп иштердин босогосунда турабыз – 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүү программасын иштеп чыгууну баштап жатабыз, бул программанын алкагында алдыдагы 6 жылда биз кайсыл жакка кантип бара турганыбызды аныктайбыз”, - деп билдирди. 

Жыйындын жүрүшүндө өлкөнүн акыркы 3 жылдагы негизги социалдык-экономикалык жетишкендиктери талкууланып, 2030-жылга чейинки негизги максаттар жана милдеттер белгиленди.

Отурумдун соңунда Акылбек Жапаров өлкөнүн бардык министрликтерине жана ведомстволоруна, ошондой эле Президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнө мамлекетти 2030-жылга чейинки өнүктүрүү программасынын долбоорун иштеп чыгуунун артыкчылыктуу багыттары боюнча бир катар маанилүү тапшырмаларды берди.

“Урматтуу кесиптештер, максат жана милдеттер так, артыкчылыктар аныкталды, эми ишке киришиңиздерди суранам”, - деп сөзүн жыйынтыктады МинКаб Төрагасы.