31

Май

2024

МинКаб башчысы ОшМУнун 85 жылдыгына арналган эл аралык форумга катышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында, ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата "Бизнес, билим берүү, илим жана мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү: аймактарды өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрү жана жолдору" аттуу эл аралык  форумга катышты.

"Бүгүн ордолуу Ош шаарына Борбордук Азиядагы эң алдыңкы билим берүүнүн жана илимдин ордосуна айланган Ош мамлекеттик университетинин абройлуу наамы жана 20дан ашык корпустары менен көркүнө көрк кошуп отурат. Атактуу университетибиз 85 жашка чыкты"-деп сөзүн баштаган МинКаб башчысы Акылбек Жапаров, Ош мамлекеттик университетинин жалпы жамаатына, студенттерге жана форумдун жалпы катышуучулары Президент Садыр Жапаровдун жана өзүнүн атынан куттуктоо жолдоду.

Андан аркы сөзүндө МинКаб башчысы бүгүнкү ааламдашуунун, технологиялык революциялардын, санариптештирүүнүн заманында, билим берүү тармагына жаңы талаптар коюлганын эске салды. Президент тарабынан билим берүүнү модернизациялоо үчүн өнүгүү потенциалы бар алдыңкы 6 жогорку окуу жайга, анын ичинде Ош мамлекеттик университетине өзгөчө статус берилгенин белгиледи.

"ОшМУнун бюджети 21-кылымдын башында 87,5 млн сомду түзсө, бүгүнкү күндө 4 млрд сомдон ашты. Кыргызстандагы бай университеттерден болду. Мамлекетке төккөн салыктардын көлөмү да жылына 130 млн сомдон ашты. ОшМУ мындай ийгиликтерге иштеген окуган ар бир адамдын бир тамчыдан турган күжүрмөн эмгегинен жетише алды" -деди ал.

Ошондой эле МинКаб башчысы, билим берүү тармагында, рыноктун талаптарына жараша ишин уюштурууга, академиялык эркиндикке, университеттер билим берүүдөгү практика жана инновация менен айкалыштырууга багытталган бир топ иштер болуп, бул максатта билим берүү программаларын түп тамырынан өзгөртүү гө туура келип жатканын белгиледи.
 
"Министрлер Кабинетинин тапшырмасы менен Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан “Университет 4.0” билим берүү процессин өнүктүрүүнүн концептуалдык моделинин жаңы форматы иштелип чыкты. Ал университетти окутууга, изилдөөгө жана башкарууга инновациялык ыкмаларды камтыйт. Университет бир гана билим бербестен өзүнүн жайгашкан регионунун социалдык-экономикалык, маданий өнүгүшүүнө түз таасир этүүсү абзел"-деди ал.
Сөзүнүн соңунда ал, Ош мамлекеттик университети –өлкөнүн сыймыгы экенин белгилеп, көп жылдык үзүрлүү эмгеги, билим берүү жана илим тармагына кошкон салымы, жаш муундарды окутуп-тарбиялоодогу ийгиликтери жана жетишкендиктери үчүн 11 окутуучуга Министрлер Кабинетинин Ардак грамоталарын тапшырды.

Ошондой эле МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров форумдун алкагында уюшулган көргөзмөгө катышты. Көргөзмөгө ОшМУнун Бизнес паркынын 39 стартап долбоору , ата мекендик 67 бизнес компаниялар жана 10го жакын  Өзбекстан, Казакстан, Орусия, Кытай жана Түркиядан келген бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышууда.

Мындан тышкары МинКаб башчысы ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата, окуу жайда "Келечек муундун ХАБы"  ("Next Generation HUB") борбору ачылышына катышты.Белгилей кетсек, Jiangsu Huibo Robotics компаниясыны менен биргеликте ачылып жаткан борбор Азия аймагында жана Шанхай Кызматташтык Уюмуна кирген мамлекеттердеги эң биринчи лабораториялык борбор болуп саналат.

МинКаб башчысы Акылбек Жапаров, 500 чарчы метр аянтчага компания тарабынан 5 млн АКШ долларына алынган робототехникалар жана жабдууларды көрүп чыгып, окуу жайдын ишине мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Ал эми мааракенин кечки концерттик иш чарасында МинКаб башчысы Акылбек Жапаров, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун куттуктоо сөзүн окуп берди.