31

Май

2024

МинКаб башчысы Акылбек Жапаров Ош шаарындагы таштанды сорттоочу станция жана күрөш залынын жаңы имараты менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Ош облусунан жасаган иш сапарынын алкагында, Ош шаарындагы таштандыларды сорттоочу станция менен таанышты.

Долбоор эки этап менен ишке ашырылууда. Биринчи этапта катуу тиричилик калдыктарын иргөөчү станцияны куруу каралган. Аталган станциянын курулушу аяктап, экинчи этапта терең кайра иштетүүчү экотехнопаркын түзүү каралган.

Катуу тиричилик калдыктарын сорттоо жана кайра иштетүү станциясы ачылгандан кийин мындан ары көбөйтүү менен 80ден ашык жумушчу орун түзүлөт.

Ошондой эле, МинКаб башчысы Акылбек Жапаров Ош шаарынын жаңы  муниципалдык күрөш залын көрүп чыкты.

Республикалык бюджеттин эсебинен курулган муниципалдык күрөш залында спортчулар үчүн бардык керектүү шарттар түзүлүп, машыгуу жана спорттук мелдештерди өткөрүү үчүн зарыл болгон жабдуулар, коммуналдык жайлар менен камсыздалган.

Мындан тышкары МинКаб башчысы Ош шаарындагы "Дельфин" жаш өспүрүмдөрдүн дене-тарбия клубунун базасында курула турган жабык бассейн жана фитнес борборунун долбоору менен таанышты.