03

Июнь

2024

МинКаб башчысы Акылбек Жапаров ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн Өкмөт башчылары менен биргеликте "Белагро-2024" көргөзмөсүнө катышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Беларусь Республикасынын Минск шаарына болгон жумуш сапарынын жүрүшүндө ЕАЭБге катышуучу-өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен биргеликте "Белагро-2024"эл аралык адистештирилген көргөзмөсүнө барды. 

"Улуу таш"  индустриалдык паркынын көргөзмө борборунда өтүп жаткан көргөзмөгө 10дон ашуун өлкөдөн 500дөн ашуун  компания катышууда.  

Көргөзмөдө Кыргызстандын 20га жакын компаниясынын  агропродукциясы коюлган.  

Көргөзмөнүн алкагында катышуучулар өсүмдүк өстүрүүчүлүктү, мал чарбачылыгын жана канаттууларды өстүрүүнүн алдыңкы багыттары, продукцияны кайра иштетүүнүн, таңгактоонун жана сактоонун заманбап технологиялары, ошондой эле айыл чарба техникасынын ар түрдүүлүгү менен тааныша алышат.