03

Июнь

2024

МинКаб башчысы Акылбек Жапаров ЕӨАКнын тар курамдагы жыйынына катышты

 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы- Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Несвиж шаарында (Беларусь Республикасы) Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы кезектеги жыйынына катышты. 

 Жыйын башталар алдында Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчыларын сүрөткө тартуу аземи болду.