07

Июнь

2024

МинКаб башчысы Акылбек Жапаров Мамлекеттик салык кызматынын жаңы имаратынын курулушуна капсула салуу аземине катышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын имаратынын курулушуна капсула салуу аземине катышты.

 «Мамлекетти өнүктүрүүдө салык кызматынын ролу эбегейсиз.  Салык кызматы – бул салык мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөгөн жана мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин олуттуу бөлүгүн камсыз кылган кубаттуу мамлекеттик орган, мамлекеттик казынанын негизин түзгөн булак.  Бүгүн  салык кызматынын жаңы имаратын курууга капсула салдык.  Бул мамлекетибиздин салык системасын өнүктүрүүдө жана экономикасын чыңдоодо жаңы бийиктиктерге карай дагы бир чоң кадам болуп саналат.  Кыргызстандын күч алып бараткан ылдамдыгы күчтүү мамлекет болууга багытталган», - деди ал. 

 Акылбек Жапаров салык кызматы мамлекеттин негизги өнөктөшү экенин өз иши менен далилдегенин баса белгиледи.  Соңку үч жылда салык кызматы акыркы 30 жылда байкалбаган 100 миллиарддык тарыхый чекти эки жолу ашып өттү (2021-жылы – 105,7 миллиард сом, 2024-жылы – 232 миллиард сом). 

 «Жаңы жети кабаттуу имарат уникалдуу архитектурага ээ болот.  Ал куш учкан бийиктиктен караганда, улуттук валютабыз – сомду символдоштурган “С” тамгасынын жана “Салык” сөзүнүн биринчи тамгасынын формасында көрүнөт.  Мындан тышкары, имараттын өзү биринин үстүнө тизилген тыйындар болот, бул дагы туруктуулукту билдирет», - деди ал.   

 Жаңы имаратка Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын, Аналитикалык борбордун, Ситуация борборунун, Дата борборунун жана Ишкерлерди тейлөө борборунун кызматкерлери жайгашат.

 Министрлер кабинетинин башчысы курулуш иштерин сапаттуу жана өз мөөнөтүндө жүргүзүүнү тапшырып, салык кызматынын жаңы имараты жалпы жетишкендиктердин жана жаркын келечекке умтулуунун символу болоорун кошумчалады.