08
Июнь
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Санкт-Петербург шаарында бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү

Санкт-Петербург шаарына (Россия Федерациясы) жумуш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, XXVII Петербург эл аралык экономикалык форумунун талаасында, Санкт-Петербург шаарынын губернатору Александр Беглов менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-орус региондор аралык өз ара аракеттешүүсүнүн эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин жана бир катар маанилүү багыттар боюнча, анын ичинде Кыргыз-Санкт-Петербург өкмөттөр аралык комиссия, ошондой эле соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча талкуулашты.
Тараптар түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн олуттуу потенциалдын бар экендигин белгилешти жана эки өлкөнүн аймактарынын ортосундагы байланыштарды чыңдоого багытталган биргелешкен иштерди активдештирүү боюнча өз ара ниеттерин ырасташты.
Адылбек Касымалиев аймактык өндүрүшчүлөрдүн, өндүрүштүк ассоциациялардын, соода-өнөр жай палаталарынын жана башка бизнес-ассоциациялардын ортосундагы байланыштарды активдештирип, өз ара сооданы көбөйтүү жана өнөр жай кооперациясын илгерилетүү боюнча күч-аракеттерди бириктирүүнү, ошондой эле эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы кызматташуу механизмдерин натыйжалуу курууну сунуштады.
Тараптар Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы союздук жана стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да улантууга жана толук чыңдоого өз ара даярдыгын ырасташты.
Андан кийин Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары «Газпромбанк» ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары Алексей Матвеев менен жолугушту.
Тараптар республиканын энергетика тармагындагы инфраструктуралык долбоорлорун каржылоо, мамлекеттик сатып алуулар, банктык колдоо, лизингдик кызмат көрсөтүүлөр жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк маселелерин талкуулашты.
Адылбек Касымалиев Кыргызстан менен «Газпромбанктын» ортосунда түрдүү багыттагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кызматташууну активдештирүүгө чакырды.