10
Июнь
Венада өтүп жаткан энергетикалык форумда Акылбек Жапаров: Акыркы жылдары Кыргызстандын экономикалык өсүшү бардык рекорддорду жаңыртты жана өзгөчө туруктуу өнүгүүнү көрсөтүп жатат
Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Венада өтүп жаткан Эл аралык энергетикалык инвестициялык форумдун алкагында “Таза” энергетикага өтүүгө байланыштуу инвестициялык мүмкүнчүлүктөр” панелдик сессиясынын жүрүшүндө “Кыргыз Республикасындагы реформалардын аркасында” Кыргыз Республикасындагы “Экономикалык перспективалар жана инвестициялык климат” аттуу өлкөнүн презентациясы менен тааныштырды.
Презентациянын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы негизги максатка – ар бир жарандын бакубаттуулугун жогорулатууга жетишүү үчүн өлкөнүн Президенти жетектеген команда, экономикалык жана экономикалык өнүгүүнү модернизациялоо, мамлекеттик система, анын ичинде процесстерди санариптештирүү жана жасалма интеллектти колдонуу аркылуу фундаменталдуу жана реалдуу реформаларды ишке ашырып жатканын белгиледи.
«Акыркы жылдары Кыргызстандын экономикалык өсүшү бардык рекорддорду жаңыртты жана өзгөчө туруктуу өнүгүүнү көрсөттү – ИДПнын орточо өсүү темпи 7%ды түздү. Ал эми 2024-жылдын биринчи кварталында экономиканын өсүү темпи 8,8%га чейин жетти”,-деди Акылбек Жапаров.
Ал кошумчалагандай, жакында Moody's рейтинг агенттиги Кыргыз Республикасынын кредиттик рейтинги боюнча болжолун терстен туруктууга көтөрдү жана улуттук жана чет өлкөлүк валютадагы эмитенттердин узак мөөнөттүү рейтингин B3 (Bi үч) деңгээлинде тастыктады.
«Маанилүү жагдайлардын бири – бул жылы биз маанилүү окуяны – азыркы Кыргызстандын эгемендүү мамлекеттүүлүгүн жана көз карандысыздыгын калыптандыруунун маанилүү этабы болгон Кара-Кыргыз Автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилеп жатканыбызда. Мунун урматына 100дөн ашык ири долбоорлор жана өнөр жай ишканалары жана өзүнчө 100 социалдык объектилер ишке киргизилет», - деп баса белгиледи МинКаб башчысы.
Министрлер Кабинетинин башчысы республиканын энергетика тармагына өзгөчө көңүл бурду, анын айтымында, ал «жандануу мезгилин баштан кечирип жатат».
«Тарифтер кайра каралып, инвесторлор үчүн жеңилдиктер жана преференциялар түрүндө жакшы шарттар түзүлүүдө. Өлкө боюнча 50дөн ашык энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча долбоорлор ишке ашырыла баштады. Мамлекет өз күчү менен Талас районун электр энергиясы менен камсыз кыла турган Бала-Саруу ГЭСин куруп, жакында ишке киргизди», - деди Акылбек Жапаров.
Мындан тышкары, МинКаб башчысы бардык эл аралык уюмдарды энергетика тармагындагы долбоорлорду, өзгөчө кубаттуулугу 1860 мегаватт болгон Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу боюнча аймактык масштабдуу долбоорду биргелешип ишке ашырууга чакырды.
«Биргелешкен күч-аракет менен аймактагы эң ири ГЭС курулуп, Борбордук Азия чөлкөмүндө жашыл энергетиканын жаңы горизонттору ачылаарына терең ишенем», - деп баса белгиледи ал.
Андан ары Акылбек Жапаров республиканын айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө токтолду.
«Биз айыл-чарбасын жана суу ресурстарын башкаруунун жаңы ыкмаларын, ошондой эле заманбап технологияларды агроөнөр жай комплексине киргизип жатабыз жана биргелешкен айыл чарба ишканаларын түзүү боюнча компаниялардын сунуштарын кароого даярбыз. Эл аралык стандарттарга жооп берген эл аралык класстагы лабораториялар да курулуп жатат», - деди МинКаб башчысы.
Ал ошондой эле республиканын туристтик потенциалын белгилеп, лыжа кластерин куруунун башталышы тууралуу айтты.
«Биз Кыргыз “Куршевелинин” курулушун баштайбыз. Дүйнөгө белгилүү Куршевел курортунун алгачкы операторлорунун бири болгон француз S3V - Es Tri Vi компаниясы Кыргызстанда Үч чокуда лыжа кластерин ишке ашырууда. 200 чакырымга жакын лыжа трассаларын куруу пландалууда. Курорт жыл бою иштеп, жыл сайын 850 миңге чейин туристти кабыл ала алат. Бул Борбор Азиядагы эң чоң болот. Андан сырткары, биз Бишкекке жакын жерде 20 чакырым фуникулёру бар эс алуу жайын ишке киргизип жатабыз, ал кышында да, жайында да иштейт. Кышында бул борбордон – Бишкектен 20 мүнөттүк аралыкта лыжа тебүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк болот. Бардык техникалык структураларды дүйнөдөгү алдыңкы 3 компаниянын катарына кирген австриялык Doppel Maier компаниясы курат», - деп баса белгиледи Акылбек Жапаров.
Сөзүнүн аягында МинКаб Төрагасы форумдун катышуучуларын жигердүү иштөөгө, «жалпы тил табышууга жана ири долбоорлорду ишке ашырууга» чакырып, эл аралык каржы институттарына жана Борбордук Азиянын, Жакынкы Чыгыштын жана Европанын өлкөлөрдүн мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнө форумга активдүү кызыгуусу үчүн ыраазычылык билдирди.