11
Июнь
Эл аралык энергетикалык инвестициялык форум Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу боюнча Координациялык донордук комитетти түзүү менен аяктады
10-июнда, Венада (Австрия Республикасы) башталган Эл аралык энергетикалык инвестициялык форум Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу боюнча Координациялык донордук комитетти түзүү менен аяктады.
Донорлордун координациялык комитетинин биринчи мүчөлөрүнө Дүйнөлүк банк, ОПЕК фонду, Азия өнүктүрүү банкы, Азия инфраструктуралык инвестиция банкы, Ислам өнүктүрүү банкы, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана башкалар сыяктуу финансылык институттар жана уюмдар кирди. Ошол эле учурда комитеттин эшиги ачык экенин жана ага кызыкдар тараптар кошула алаарын айта кетели.
Түзүлгөн донордук комитеттин биринчи сессиясын ушул жылдын күзүндө өткөрүү чечими кабыл алынды.
Мындан тышкары, бир катар төмөнкү документтерге кол коюлду:
1. Кыргыз Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын Энергетика министрликтеринин ортосундагы Камбар-Ата ГЭС-1 долбоору боюнча кызматташуу жөнүндө ведомстволор аралык макулдашуу;
2. Кемин-Балыкчы 500 кВт электр берүү линиясы» долбоорун каржылоо үчүн «Кыргыз Республикасынын электр тармактарын чыңдоого колдоо көрсөтүү» боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
3. Кыргыз Республикасы менен Эл аралык финансы корпорациясынын ортосундагы күн энергиясын өнүктүрүү долбоорунун экинчи фазасы жөнүндө макулдашуу;
4. “Долинка” көмөкчордонун модернизациялоо” жана “Речная” көмөкчордонун реконструкциялоо” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашуу.
5. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Кытай Эл аралык Инженерлик компаниясынын энергетикалык консалтинг тобунун ортосунда энергетика тармагындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча өз ара кызматташуу жөнүндө меморандум.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, жыйынтыгында сөз сүйлөп, форумдун ар бир катышуучусуна ыраазычылык билдирди.
«Сиздердин активдүү катышууңуздар жана критикалык темаларды талкуулоого умтулууңуздар, туруктуу жана жашыл келечекке болгон биргелешкен аракетибизди ырастайт. Бүгүн биздин форумдун жыйынтыгын чыгарып жатып, биз байланыштарды орнотууда жана мындан аркы аракеттерди жалпы түшүнүүдө олуттуу ийгиликтерге жетиштик деп ишенимдүү айта алам. Түзүлгөн Координациялык Донордук Комитет Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу боюнча улуттук долбоорду ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын жана «сааттарды салыштыруулардын» уландысы болот деп ишенем», - деди Акылбек Жапаров.
Ал кошумчалагандай, Кыргыз Республикасы бардык багыттар боюнча абдан позитивдүү, жашоону өзгөрткөн өзгөрүүлөрдү башынан өткөрүп жатат, алардын бири, Министрлер Кабинетинин башчысынын айтымында, бул форум.
«Биздин өлкө өзүнүн өнүгүүсүнүн жаркын үмүттөргө жана дүйнөлүк перспективаларга толгон жаңы дооруна тайманбай кадам таштоодо. Келгиле, жашыл жана бакубат келечекти бирге курабыз!” деп сөзүн жыйынтыктады Акылбек Жапаров.