13

Июнь

2024

Бишкекте Жогорку Кеңештин имаратынын алдында жаңы фонтан ишке берилди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Төрага Нурланбек Шакиев жана Жогорку Кеңештин депутаттары менен бирге Жогорку Кеңештин имаратынын алдында жайгашкан фонтандын ачылышына катышты.

Фонтан көп убакыттан бери реконструкцияланган эмес; 2 айдын ичинде КР Президентинин Иш башкармалыгы тарабынан фонтанды реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү.

11 даана жогорку сапаттагы борбордук электр насостору, жарыктардын өңүн кезек кезеги менен алмаштырып турганга дистанттык башкаруу ситемасы, гранит каптоо орнотулду.
Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров жаңыланган фонтан шаардыктардын жана борбор калаанын конокторунун сүйүктүү жайына айланаарын белгиледи.