13

Июнь

2024

МинКаб башчысы Акылбек Жапаров Бишкек Жылуулук электр борборуна барды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы ЖЭБке барды.
 
МинКаб башчысы мекемедеги оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышып, ЖЭБтин ишмердүүлүгү боюнча тиешелүү түзүмдөрдүн катышуусунда жыйын өткөрдү.
 
«Быйылкы кыш сыяктуу өзгөчө кырдаалдар кайталанбасын эске алуу менен ЖЭБти жылытуу мезгилине даярдоо боюнча иштерди сапаттуу жүргүзүү, анын ичинде күйүүчү майларды керектүү көлөмдө сатып алууну камсыз кылуу, оңдоо иштерин бүтүрүү жана жабдууларды кыш мезгилинде жүктөөгө даяр болушун камсыз кылуу зарыл. Мындан тышкары, ЖЭБте жылуулук менен камсыздоону иштеп чыгуу, берүү жана бөлүштүрүүнүн эсебин автоматташтыруу зарыл. Бардык процесстер ачык болушу керек», - деди Акылбек Жапаров жыйындын жыйынтыгы боюнча тиешелүү түзүмдөргө бир катар тапшырмаларды берди.