14

Июнь

2024

Министрлер Кабинети аз камсыз болгон үй бүлөөлөрдүн балдарынын, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана жетим балдардын жайкы эс алуусун уюштурууга бөлүнгөн каражаттын көлөмүн көбөйттү

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине, мезгилде аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын, камкорчулукка жана көзөмөлчүлүккө алынган балдардын, багып алуучу үй-бүлөлөрдөгү балдардын,  жетим балдардын жана тарбиянын өзгөчө шарттарына муктаж оорулуу балдардын, ошондой эле турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдардын жайкы мезгилде эс алуусун жана ден соолугун чыңдоо боюнча иштерди уюштуру тапшырылды.  
 
Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
 
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесинин максаты жайкы мезгилде балдардын эс алуусун, ден соолугун чыңдоону жана ишке орноштурууну уюштуруунун жол-жоболорун оптималдаштыруу болуп саналат. Министрлер кабинетинин бул буйругу менен балдардын жайкы эс алуусун уюштурууга 15 миллион сом бөлүнөт. Буга чейин бул максаттарга жыл сайын 5 миллион сом бөлүнчү.
 
Жыл сайын балдар Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына караштуу «Алтын-Балалык» ден соолук жана реабилитациялык борбору» мамлекеттик мекемесине жөнөтүлөт.
 
2023-жылы балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча республикалык штабдын отурумунда турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды эң көп камтуу, ошондуктан республикалык бюджеттен каржылоонун көлөмүн көбөйтүү чечими кабыл алынган.