21
Июнь
МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Кытайга жумуш сапары менен барат
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун (КЭР СУАР) Үрүмчү шаарында 2024-жылдын 25-27-июнда жумуш сапары менен болот.
Сапардын алкагында МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров “Кытай-Евразия ЭКСПО: Жибек жолундагы жаңы мүмкүнчүлүктөр жана Евразия үчүн жаңы жашоонун күчү” 8-эл аралык көргөзмөсүнө катышат.
Ошондой эле эки тараптуу жолугушуулар болоору пландалууда, анда буга чейин жетишилген долбоорлордун ишке ашырылышынын жүрүшү, саясий, экономикалык, коопсуздук жана маданий-гуманитардык тармактарындагы кызматташуулар тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.
Мындан тышкары МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаровдун ири корпорациялардын жана компаниялардын жетекчилери менен жолугушуулары күтүлүүдө.
Иш-чаралардын жана жолугушуулардын жүрүшүндө бир катар документтерге кол коюлаары пландалууда.