25
Июнь
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Үрүмчү шаарында Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов менен жолукту
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна (КЭР СУАР) болгон жумуш сапарынын алкагында, Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов менен Үрүмчү шаарында жолукту.
Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн башчылары буга чейин белгилеген мамлекеттер аралык кызматташуунун күн тартибинде турган үч келечектүү инфраструктуралык долбоор тууралуу кенен баарлашты.
Жолугушууда алгач Камбар-Ата-1 ГЭСинин, ошондой эле Чаткал дарыясына ГЭСин куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
Эки өлкөнүн Өкмөт башчылары ошондой эле Талас-Чаткал-Ташкент унаа жолун куруу долбоорун сүйлөштү. Учурда Жол картасы иштелүүдө, долбоор ишке ашырылса өз ара соода жүгүртүү жогорулап, эки өлкөнүн туристтик потенциалы жакшыраарын белгилешти.
Мындан тышкары, эки өлкөнүн Өкмөт башчылары Кыргызстандан Өзбекстанга көмүр жеткирүү багытын көздөгөн ленталык конвейерди жана көмүр логистикалык борборун куруу боюнча биргелешкен иштерди активдештирүүнү сүйлөштү.
Тараптар жогорудагы инфраструктуралык долбоорлорду илгерилетүү боюнча практикалык чараларды көрүү эки өлкө ортосундагы бир туугандык стратегиялык мамилелерди бекемдээрин билдиришти.