26
Июнь
Эдил Байсалов: Элдин саламаттыгы биздин башкы байлыгыбыз
«Ден соолук – ар бир элдин, ар бир үй-бүлөнүн жана ар бир адамдын башкы байлыгы, андыктан эң жакшы инвестиция – бул ден соолукту сактоого инвестиция», - деди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Саламаттыкты сактоого инвестиция боюнча Борбор Азия эл аралык форумунун ачылышындагы өз сөзүндө.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин патронажында жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа боюнча аймактык бюросу жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан уюштурулууда.
«Биздин Борбордук Азия чөлкөмү учурда жалпы өсүү учурун жана өнүгүүнүн жаңы этабын баштан кечирүүдө. Эгемендүү өлкөлөр катары биз саламаттыкты сактоо, көптөгөн ооруларды азайтуу же жок кылуу, ымыркайлардын жана энелердин өлүмүн азайтуу, жашоонун узактыгын жогорулатууда олуттуу ийгиликтерге жетиштик. Президент Жапаровдун жетекчилигинин аркасында үч жылда Кыргызстанда мамлекеттик кирешелер 2,5 эседен ашык көбөйүп, ИДПнын орточо 8% өсүшүн көрүп жатабыз. Бүгүнкү күндө биз бүткүл инфраструктураны түп-тамырынан бери жаңылоону көздөп жатабыз, биз саламаттыкты сактоого чыгымдарды эки эсеге көбөйттүк жана келерки аптада биз бул тармакка мамлекеттик колдоону кеңейтүү боюнча мындан аркы кадамдарды жарыялайбыз», — деди Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов медициналык изилдөө жана окутуу программалары жаатындагы аймактык кызматташтыкты бекемдөө менен бирге жасалма интеллект жана телемедицина сыяктуу заманбап технологияларды биргелешип интеграциялоого чакырды.
«Дүйнөлүк COVID-19 пандемиясы бизге медициналык кесиптин баалуулугун, алмашкыс зырылчылыгын жана кадыр-баркын күчтүү эске салды. Дарыгердин уулу катары мен медициналык адистердин берилгендигин жана жан үрөп иштегенин абдан баалайм. Биз сиздердин адамдарды сактап калууга жана алардын жашоо сапатын жакшыртууга кошкон салымыңызды жогору баалайбыз», - деп сөзүн жыйынтыктап, бул конференция Борбордук Азия элдеринин жашоо деңгээлин жогорулатууга жана кызматташууга өбөлгө болот деген ишенимин билдирди.
Борбордук Азиядагы саламаттыкты сактоо инвестициясы боюнча эл аралык форум Борбордук Азиядагы ДСУга мүчө бардык беш мамлекетте туруктуу өнүгүү үчүн саламаттык сактоо инвестициясынын трансформациялык потенциалын көрсөтүүдө эл аралык, аймактык жана улуттук кызыкдар тараптарды бириктирет.
Иш-чара Туруктуу өнүгүү максаттарына шайкеш келген мыкты тажрыйбаларды жана инновациялык саламаттыкты инвестициялоо стратегияларын көрсөтүүгө багытталган.