27

Июнь

2024

Акылбек Жапаров Кытайга болгон жумуш сапарынын алкагында Кыргызстанда титаномагнетитти кайра иштетүү боюнча металлургиялык заводду курууну сүйлөштү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна (КЭР СУАР) болгон жумуш сапарынын алкагында Хами шаарында “Xinjiang Xiangsheng New Material Technology Co., Ltd” (Синцзянь Сяньшэн Нью Материал Технолоджи) компаниясынын директору Сяо Чжихай менен жолукту.

Жолугушууда тараптар тоо-кен тармагындагы маселелер боюнча кенен сүйлөшүү жүргүздү, тагыраагы Кыргыз Республикасынын аймагында титаномагнетитти кайра иштетүү боюнча металлургиялык заводду куруу маселесин карашты.

Өз сөзүндө МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров бул тармакта кызматташуунун келечеги кенен экенин, Кыргызстандын аймагында титаномагнетитти өндүрүүгө мүмкүнчүлүктөр жогору жана чет элдик ишканалар, инвесторлор, ишкерлер үчүн кыргыз бийлиги жагымдуу инвестициялык климатты түзүүгө бардык күч-аракетин жумшаарын кошумчалады.

Ал эми компания директору Сяо Чжихай эки тарапка тең пайда алып келе турган долбоорлорду ишке ашырууга дайым кызыкдар экенин баса белгиледи.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө жакын арада кыргыз тарап менен кытай тараптын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнөн жана тиешелүү адистеринен турган жумушчу топ түзүлүп Кыргызстандын аймагында изилдөө иштерин жүргүзө турганы белгилүү болду.

Жолугушуунун жыйынтыгында “Кыргыз алтын” ачык акционердик коому менен “Xinjiang Xiangsheng New Material Technology Co., Ltd” компаниясынын ортосунда кызматташуу жана өз ара аракеттенүү морандумуна кол коюлду.

Белгилей кетсек, жогорудагы компания дүйнөлүк алдыңкы заманбап жабдуулар менен камтылган жана жогорку даражалуу адистер тартылган.