27

Июнь

2024

Республикалык жана жергиликтүү бюджеттен каржылануучу мамуюмдар үчүн нан жана нан-булка жана кондитер азыктарын негизги өндүрүүчү болуп «Бишкекнаабайкана» муниципалдык ишканасы аныкталды

img

Бишкек шаарынын нан жана нан азыктарын өндүрүүдө мамлекеттик үлүшү бар ишканалардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында жана республикалык бюджеттен жана/же Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинен каржылануучу мамлекеттик органдар, мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ишканалар жана уюмдар үчүн  «Бишкекнаабайкана» муниципалдык ишканасы нан жана нан азыктарын, кондитердик азыктарды өндүрүүчү жана жасоочу болуп аныкталды.  
 
Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкекнаабайкана» муниципалдык ишканасы өндүрүш аянты жана кубаттуулугу боюнча Бишкек шаарында жана Чүй облусунда нан бышыруу тармагындагы ири ишканалардын бири болуп саналат.
 
Компания 2008-жылы нан жана нан азыктарын, кондитердик жана башка азыктарды өндүрүү жана сатуу максатында калктын социалдык аялуу катмарын жана муниципалдык мекемелерди жеткиликтүү баада коопсуз жана сапаттуу нан азыктары менен камсыз кылуу максатында түзүлгөн.
 
Учурда ишкана суткасына 7000 миң даана бөлкөнү ташуу иштерин жүзөгө ашырат, ошол эле учурда өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 20 миң бөлкөнү түзөт.
 
Белгилей кетсек, Ишкана нандын үч түрүн чыгарат: ак, боз жана кара буудай наны. Өндүрүлгөн продукциянын ГОСТ 2077-84 боюнча даярдалганын тастыктаган шайкештик декларациясы бар.