28
Июнь
2024
МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров АКШнын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүн кабыл алды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Америка Кошмо Штаттарынан (АКШ) келген Америка-Кыргыз Ишкерлер кеңеши тарабынан уюштурулган бизнес-миссиясын кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө негизинен банктар аралык кызматташуу, инвестициялык кызматташуу, санариптештирүү жана энергетика багыттарына басым жасоо менен Кыргызстан менен АКШнын ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана бекемдөө чаралары талкууланды.
МинКаб Төрагасы 2024-жылдын апрелинде АКШга болгон жумуш сапарынын алкагында америкалык бизнес өкүлдөрүн Кыргыз Республикасына таанышуу сапары менен келүүгө чакырганын белгиледи.
МинКаб Төрагасы америкалык компаниялардын өкүлдөрүнө Кыргызстандагы инвестициялык климат, өлкөдө бизнес ачуу жана жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча Мамлекет башчысы тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясат тууралуу айтып берди.
Акылбек Жапаров бул сапардын алкагында америкалык бизнес өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын соода-инвестициялык потенциалы менен таанышууга, байланыштарды түзүүгө жана биздин өлкөнүн бизнес чөйрөсү менен өз ара аракеттенүүнү жана кызматташтыкты орнотууга мүмкүнчүлүк алат деген ишенимин билдирди.
Өз кезегинде америкалык компаниялардын өкүлдөрү жана Америка-Кыргыз Ишкерлер кеңешинин мүчөлөрү эки өлкөнүн бизнес байланыштарын кеңейтүүгө өз салымын кошууга кызыкдар экенин билдиришти.
Белгилей кетсек, жолугушууга “Abbott” – медициналык жана диагностикалык жабдууларды чыгаруу боюнча дүйнөлүк лидер, “Coca-Cola” – америкалык тамак-аш компаниясы, дүйнөдөгү эң ири алкоголсуз суусундуктарды чыгаруучу, “GE Vernova Inc.” – энергетикалык жабдууларды чыгаруу жана тейлөө боюнча ири компания, "OpenWay" – санариптик төлөмдөр үчүн таанылган чечимдердин дүйнөлүк жеткирүүчүсү, "Thomas Greg & Sons Limited" – басма продукциясын коргоо боюнча кызматтарды, ошондой эле экономиканын бардык тармактары үчүн бир катар технологиялык чечимдерди жана кызматтарды көрсөтүүчү компаниялардын тобу, "VISA" – санариптик төлөмдөр чөйрөсүндө дүйнөлүк лидерлердин бири болуп саналат, “White & Case” – укуктун ар кандай чөйрөлөрүндө юридикалык кызматтарды көрсөтүүгө адистешкен, дүйнөлүк катышуусу менен эл аралык юридикалык фирма, “Jones Equity Fund” – технологиялык компаниялар үчүн дүйнөлүк рынокту жаратуучу сыяктуу компаниялардын өкүлдөрү катышты.