01

Июль

2024

БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстанга келди

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерриш Кыргыз Республикасына келди. Жогорку даражалуу конокту “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тосуп алды.

Сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрү, ошондой эле БУУнун Өнүктүрүү программасынын долбоорлорунун бирине барары пландалууда.

Тараптар БУУнун алкагында кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин талкуулайт, ошондой эле эл аралык мамилелердин күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашат.