02
Июль
МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Жаратылыш ресурстары министрлигинин жамаатына министрдин милдетин аткаруучу Азис Сапаралиевди тааныштырды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жамаатына министрдин милдетин аткаруучу Азис Сапаралиевди тааныштырды.
МинКаб Төрагасы министрликтин алдына жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруунун маанилүүлүгүн, анын ичинде тоо-кен тармагын өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу, пайдалуу кендерди иштетүүдө заманбап технологияларды киргизүү, экологиялык талаптардын сакталышын көзөмөлдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
“Биздин мамлекет өлкөбүзгө пайда алып келе турган жаратылыш ресурстарына бай. Бул тармак экономикабыздын локомотиви боло алат деген ойдобуз”, - деген Акылбек Жапаров министрдин милдетин аткаруучуга жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады.