03

Июль

2024

МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Министрлер Кабинетинин алдындагы Инвестициялык кеңештин кезектеги жыйынын өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Инвестициялык кеңештин кезектеги жыйынын өткөрдү.

Отурумдун күн тартибине ылайык 4 маселе каралды, атап айтканда, Венада (Австрия Республикасы) өткөрүлгөн Эл аралык энергетикалык инвестициялык форумга кыргыз делегациясынын катышуусунун жыйынтыгы, Кыргыз Республикасына инвестицияларды көбөйтүү боюнча чаралар жана Кыргыз Республикасынын экспорттук потенциалын жогорулатуу маселелери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттиктин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун 2024-жылдын 5 айындагы ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалымат угулду.

Өз сөзүндө МинКаб Төрагасы кеңештин мүчөлөрүнө эки негизги стратегиялык объектилердин, тагыраагы Камбар-Ата-1 ГЭСинин жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун баштоого даярдыктар тууралуу айтып берди.

Акылбек Жапаров бул долбоорлор Кыргызстандын экономикалык жана инвестициялык өнүгүүсү, энергетикалык көз карандысыздыкты камсыз кылуу, транспорттук инфраструктураны жакшыртуу жана жаңы жумуш орундарын түзүү үчүн чоң мааниге ээ экенин белгиледи.

“Камбар-Ата-1 ГЭСи жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу олуттуу долбоорлор. Бул долбоорлор Кыргызстандын экономикалык ландшафтын өзгөртүп, жарандарыбыздын жашоо сапатын жакшыртууга салым кошот деп ишенебиз”, - деди Акылбек Жапаров.

Андан ары жыйындын күн тартибиндеги маселелер боюнча маалымат угулду.

Маалыматты уккандан кийин, МинКаб Төрагасы бир катар тапшырмаларды берди, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттигинин сайтында маанилүү болгон маалыматтарды, ошондой эле инвесторлор үчүн негизги ченемдик укуктук базаларды жана жаңы Салык кодекси тууралуу бир нече чет тилдерде жарыялап туруу белгиленди.

Мындан тышкары, Акылбек Жапаров түз инвестиция тартуу боюнча ишти күчөтүүнү жана бул маселени Президенттин Администрациясынын коллегиясынын күн тартибине киргизүүнү тапшырды.