04
Июль
МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Улуттук банктын жаңы жетекчилигине бир катар милдеттерди койду
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында жыйын өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө өлкөдөгү макроэкономикалык кырдаалга жана акча-кредит саясатына байланышкан актуалдуу маселелер талкууланды. Акылбек Жапаров финансылык туруктуулукту сактоо жана экономиканы туруктуу өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, эффективдүү акча-кредит саясатын жүргүзүү жана улуттук валютанын туруктуулугун камсыздоо зарылдыгын белгиледи.
МинКаб Төрагасы Президент ишеним арткан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жаңы Төрагасы Мелис Тургунбаевдин дайындалышына көңүл бурган Акылбек Жапаров Улуттук банктын эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн системалык реформаларды жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.
Акылбек Жапаров Улуттук банктын жаңы жетекчилигинин алдына Кыргызстандын эл аралык рейтингдердеги позициясын жакшыртууга, жаңы технологияларды, анын ичинде финтех-стартаптарды киргизүүгө, санариптик сомду ишке киргизүүнү тездетүүгө, накталай эмес экономикага толук өтүүнү камсыздоо жана бекемдөө боюнча чаралар, көмүскө экономиканы кыскартууга багытталган бир катар милдеттерди койду.
МинКаб Төрагасы акча которуулар системасын тез арада өзгөртүү боюнча сунуштарды киргизүүнү тапшырып, накталай эмес акча которуулар боюнча комиссия жарандардын эсебинен жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
Жыйынды жыйынтыктап жатып, Акылбек Жапаров Улуттук банктын кызматкерлерин “комфорт зонасынан чыгууга” чакырды, мамлекеттик реформалар өлкөнүн бардык булуң-бурчтарына жетээрин белгиледи. Ал БУУнун Башкы катчысынын Кыргызстанды “уйкудагы сулуудан күлүк атка” айлангандыгы боюнча жакындагы билдирүүсүнө токтолуп, өлкөнүн өнүгүү темпи өнөктөштөрдү таң калтырып, аны басаңдатуу мүмкүн эместигин белгиледи.
"Кара-Кыргыз автономдуу облусунун 100 жылдыгына карата 100дөн ашык өнөр жай жана 100 социалдык долбоорлор ишке кирет. Эки стратегиялык долбоор - Камбар-Ата-1 ГЭСи жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу жакында башталат. Жакынкы келечекте республиканын финансы сектору ар дайым алдыңкы орунда болуп, банк системасындагы кырдаалды өзгөртүүгө жана жаңы деңгээлге чыгууга убакыт келди”, - деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.