04
Июль
Министрлер Кабинетинин алдындагы Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин кезектеги жыйыны болду
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Министрлер Кабинетинин алдындагы Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин кезектеги жыйынын өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө адам укуктарын коргоо жаатындагы актуалдуу маселелер жана бул жаатта тиешелүү мамлекеттик органдардын ишин координациялоо талкууланды.
Коргоо алкагында 2012-жылдан 2019-жылга чейинки мезгилде Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Бешинчи Улуттук баяндамасын даярдоо маселелери каралды, БУУнун Кыйноого каршы комитетинин 2024-2025-жылдарга сунуштарын ишке ашыруу үчүн ведомстволор аралык иш-чаралардын планы бекитилди, 2025-2027-жылдарга бизнес жана адам укуктары жаатындагы Улуттук иш-аракеттер планынын долбооруна байланыштуу маселелер каралды, Кыргыз Республикасын Коопсуз мектептер жөнүндө декларацияга кошуу чечими кабыл алынды.
Жыйын соңунда бир катар чечимдер кабыл алынды.