05
Июль
Акылбек Жапаров: Медициналык кесип коомдо өзгөчө кадыр-барктуу жана баалуу болуп келген жана ушул бойдон кала берет
«Дарыгердин кесиби коомдо ар дайым өзгөчө кадыр-барктуу жана баалуу болуп келген жана ушул бойдон кала берет», - деди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Медицина кызматкерлеринин күнүнө арналган иш-чарадагы сөзүндө.
Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров саламаттыкты сактоо кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын жарандардын саламаттыгын жана бакубаттуулугун сактоого жана коргоого кошкон салымын баса белгиледи.
«Президентибиз медицина кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу боюнча Жарлык чыгарды. Көрүлгөн чаралар кыргызстандыктарды медициналык тейлөөнүн сапатына оң таасирин тийгизет жана дарыгерлердин эмгеги жогору бааланышы керек. Дарыгердин депозитинин кварталдык суммасы 38 миң сомдон 66 миң сомго чейин көбөйтүлдү. Республикада Бишкек жана Ош шаарларынан башка дарыгерлердин жетишсиздигин эске алып, шашылыш чара катары педиатрларга, неонатологдорго, хирургдарга, анестезиологдорго жана реаниматологдорго ай сайын 20 миң сом өлчөмүндө кошумча төлөм киргизилди. Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан тартып медицина кызматкерлеринин эмгек акысы 50%, медайымдык кызматкерлердики 20%, кенже медициналык персоналдыкы 10% жогорулатылат. 1-июлдан тарта клиникалык ординаторлорго жана ординаторлорго 20 миң сомдон стипендия берилет», - деди ал.
Акылбек Жапаров соңку 3 жылдан бери мамлекет тарабынан саламаттыкты сактоо тармагына артыкчылык берилип жатканын кошумчалады.
Эгерде 2020-жылы саламаттыкты сактоо тутумунун консолидацияланган бюджети 20,8 миллиард сом болсо, 2024-жылы 40 миллиард сомго жакын болот.
«Медициналык мекемелердин материалдык-техникалык базасын жаңылоо боюнча иштер жүрүп жатат. Тактап айтканда, акыркы 2 жылда заманбап ооруканалар курулуп, иштеп жатат: кургак учук ооруканасы, перинаталдык борбор, кыргыз-түрк достук ооруканасы жана башкалар. 20 заманбап мультидисциплинардык ооруканаларды куруу боюнча улуттук долбоор башталды», - деген ал санариптештирүү процесстери менен катар жасалма интеллектти киргизүү маанилүү экенин кошумчалады.
Мындан тышкары көп жылдардан бери биринчи жолу бюджеттик каражаттар ири ооруканаларды курууга бөлүнүп, Ысык-Көл облустук клиникалык ооруканасынын, Ош шаардык клиникалык ооруканасынын, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жаңы имараттары курула баштады, ар бир мекеме 300дөн ашык койкага ылайыкталган.
Иш-чаранын алкагында облустун жана райондук саламаттыкты сактоо кызматтарына өлкөнүн алыскы аймактарына вакциналарды жана дары-дармектерди ташуу үчүн 10 унаа (Toyota HILUX) тартууланды. Буга чейин Вакцина жана иммунизация боюнча глобалдык альянстын Вакцинаны жеткирүү программасынын грантынын алкагында Саламаттыкты сактоо министрлигине 16 унаа өткөрүлүп берилген.