05

Июль

2024

МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров бир катар медицина мекемелеринин жакшы көрсөткүчтөрүн белгиледи

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Медицина кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада бир катар медицина мекемелеринин жакшы натыйжаларын белгиледи.

“Усупбаев Акылбек Чолпонкулович жетектеген урологиялык борбор мыкты жыйынтыктарды көрсөтүүдө. Өткөн жылы заманбап жабдуулар алынып, натыйжада дарыгерлерибиз лапароскопиялык жана эндоскопиялык операцияларды жасай башташты. Буга чейин бейтаптар башка өлкөлөргө барып дарыланууга аргасыз болушкан. Сооронбаев Талант Маратбекович жетектеген Улуттук кардиология жана терапия борборунда уникалдуу аппараттар орнотулду. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы Кудайбердиева Индира Орозбаевнанын жетекчилиги астында дарыгерлерди сапаттуу даярдоодо жогорку окуу жайлардын арасында алдыңкы орунда турат.  Медициналык жогорку окуу жайлардын ичинен Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетин да белгилесе болот”, - деди Акылбек Жапаров. 

МинКаб Төрагасы бөйрөк жана боор алмаштыруу боюнча ата мекендик дарыгерлердин жетишкендиктерин өзгөчө белгиледи.

Ал саламаттыкты сактоо тармагын санариптештирүү жана ооруларды аныктоодо жасалма интеллект куралдарын киргизүү боюнча мындан аркы иштердин маанилүүлүгүн кошумчалады.