05
Июль
МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусундагы № 16 түзөтүү мекемесинде жүрүп жаткан курулуш иштери менен таанышты
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Москва районунда жайгашкан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын № 16 түзөтүү мекемесинде жүрүп жаткан курулуш иштери менен таанышты.
Белгилүү болгондой, 2024-жылдын апрель айында реконструкциялоо иштери Жазаларды аткаруу кызматынын “Механизацияланган көчмө колонна” мамлекеттик ишканасы тарабынан башталган, курулуш иштери жыл аягына чейин бүткөрүлөт.
Объектте 100дүн тегерегиндеги жумушчу иштеп жатат.