06
Июль
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагаларынын кезектеги жолугушуусу болуп өттү
Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Бустон шаарында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын тең төрагалары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов ортосунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча кезектеги жолугушуу болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын башчылары калган тилкелерде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселесин талкуулашып, жыйынтыгында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча иштерди улантуу тууралуу Өкмөттүк делегациялардын жумушчу топторуна конкреттүү тапшырмалар берилди.
Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.