06

Июль

2024

Топографиялык топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүүсүн сыпаттоо боюнча сунуштарын талкуулашты

img

Жетишилген макулдашууга ылайык, 2024-жылдын 1-июлунан 6-июлуна чейин Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Бустон шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз республикасы менен Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жыйыны болуп өттү.

 Бул жолугушуунун жүрүшүндө тараптар талкууну улантып, калган тилкелерде кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүшүн сыпаттоо боюнча сунуштар менен алмашышты.

 Тараптар бул ишти Кыргыз Республикасынын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда улантат.

 Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.