09

Июль

2024

МинКаб башчысы Акылбек Жапаров Екатеринбург шаарына учуп келди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров бүгүн, 2024-жылдын 9-июлунда жумуш сапары менен Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарына учуп келди.

Екатеринбург шаарында МинКаб башчысы Акылбек Жапаров  Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин менен бирге «Технологиялык өнөктөштүк: эл аралык бизнестин чордону» темасында ИННОПРОМ 2024 негизги стратегиялык сессиясына жана көргөзмөсүнө катышат.

Андан ары МинКаб башчысы Красноярк шаарына барып, соода-экономикалык, илимий-техникалык жаа гуманитардык кызматташтык боюнча  Кыргызстан-Россия өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги отурумуна жана Кыргызстан-Россия региондор аралык 11-конференциясына катышаары күтүлүүдө.