11
Июль
ФОТОРЕПОРТАЖ Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун Россия Федерациясына болгон жумушчу сапары аяктады
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун Россия Федерациясынын Екатеринбург жана Красноярск шаарларына болгон жумушчу сапары аяктады.
Жумушчу сапарынын алкагында министрлер кабинетинин башчысы «Технологиялык өнөктөштүк: келечектин имиджин калыптандыруу» темасындагы INNOPROM-2024 өнөр жай көргөзмөсүнө катышты.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров иш-чаранын негизги стратегиялык жыйынында сөз сүйлөп, башка өкмөт башчылары менен бирге Кыргыз Республикасынын павильонуна барды.
Андан кийин МинКаб башчысы Красноярск шаарына учуп кетти, ал жерде Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен бирге соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 25-жыйынын жана XI кыргыз-орус региондор аралык конференциясын өткөрдү.
Өкмөттөр аралык комиссия жана Аймактар аралык конференция бир катар документтерге жана макулдашууларга кол коюу менен аяктады.