11

Июль

2024

МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жамаатына министрдин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаевди тааныштырды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жамаатына министрдин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаевди тааныштырды.

МинКаб Төрагасы министрдин милдетин аткаруучуга жаңы кызматында ийгиликтерди жаратуусун каалап, мамлекеттик органга жүктөлгөн бир катар милдеттерге токтолду, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу менен жол инфраструктурасын өнүктүрүү, жолдорду реконструкциялоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Акылбек Жапаров Ош-Бишкек жолун реконструкциялоо иштерин тез арада ишке ашырууну, ошондой эле быйыл Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Түндүк-Түштүк унаажолун ачуу зарылдыгын белгиледи.

Иш-чарага Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин мурдагы министри, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев да катышты. Акылбек Жапаров ага жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады.  

“Жетекчилер жоопкерчиликти ала билиши керек жана аларга жүктөлгөн белгилүү бир иштер боюнча тез чечим кабыл алышы зарыл. Президенттин, Министрлер Кабинетинин жана Жогорку Кеңештин үмүтүн актоо үчүн күнү-түнү иштешибиз керек”, – деп жыйынтыктады ал.