24
Июль
Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынында бир катар маанилүү чечимдер кабыл алынды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясыннын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун төрагалыгы алдында өткөн Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө байланыштуу маанилүү чечимдер кабыл алынды.
Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар Министрлер Кабинетинин актуалдуу маселелерин жана ишинин артыкчылыктуу багыттарын карап чыгышты. Маанилүү чечимдердин бири Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-майындагы № 247 тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү болду. Бул чечим пияздын жогорку түшүмдүүлүгүн арттыруу менен ата мекендик экспортерлорду колдоого багытталган жана Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору” мамлекеттик мекемесинин мурда бекитилген бюджеттик каражаттарынын эсебинен экспорттоочуларга транспорттук чыгымдардын бир бөлүгүн компенсациялоону карайт.
Ошондой эле инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча чаралар талкууланды. Бул маселенин алкагында Ысык-Көл облусунун Тоң районунун жана Балыкчы шаарынын аймагындагы жерлерди трансформациялоо чечими кабыл алынды, эми маданий-тарыхый объектилер курулат.
Мындан тышкары, Министрлер Кабинети таштандыларды чогултуунун натыйжалуу системасын уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан Европа инвестициялык банкынан Ош шаарынын мэриясына 6 миллион евро өлчөмүндө кредиттик каражаттарды бөлүүнү жактырды. Бул чечим экономикалык, экологиялык жана социалдык потенциалды жогорулатууга, ошондой эле жергиликтүү инфраструктураны жана кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүгө шарттарды түзөт.
Акылбек Жапаров калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган мамлекеттик программаларды ишке ашыруу боюнча ишти активдештирүү зарылдыгын белгиледи. Ал алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн министрликтер менен ведомстволордун ортосундагы аракеттерди координациялоонун маанилүүлүгүнө токтолду.
Жыйындын соңунда алдыдагы кышкы мезгилге даярдык көрүү, анын ичинде өлкөнүн аймактарын жылуулук жана электр энергиясы менен туруктуу камсыздоо маселелери талкууланды. Акылбек Жапаров Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн жигердүү иштөөгө жана конструктивдүү өз ара аракеттенүүгө чакырып, өлкө Президенти мамлекеттик аппараттын алдына чоң максаттарды койгонун, ал максаттарды биргелешкен аракеттер менен гана ишке ашырууга болорун белгиледи.