30
Июль
МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Иран Парламентинин Төрагасы Мохаммад-Багер Галибаф менен жолукту
Ирандын жаңы шайланган Президенти Масуд Пезешкиандын инаугурациясына катышуу үчүн Иран Ислам Республикасына жумуш сапары менен барган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Иран Межлисинин (Парламентинин) Төрагасы Мохаммад-Багер Галибаф менен жолукту.
МинКаб Төраганын орун басары үстүбүздөгү жылдын июль айындагы президенттик шайлоонун, ошондой эле 2024-жылдын 1-мартындагы парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиевдин атынан саламын жана куттуктоо сөздөрүн жолдоду, белгилей кетсек анда Галибаф Иран Парламентинин Төрагалыгына кайрадан шайланган болчу.
Анда Бакыт Төрөбаев Кыргызстан менен Иран бири биринин эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн жана көз карандысыздыгын урматтоо принциптерин карманарын эске алып, мыйзам чыгаруу иши парламенттик деңгээлдеги кызматташтыкты кеңейтүүгө негиз болорун белгиледи.
Бул багытта МинКаб Төрагасынын орун басары маектешинин көңүлүн, эки өлкөнүн Парламент башчыларынын катышуусунда өз ара иш сапарларды уюштуруу, ошондой эле парламенттер аралык достук топторунун сапарлары Кыргызстан менен Ирандын мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүнүн механизмдерин өркүндөтүү боюнча көп жылдык тажрыйба алмашууга мүмкүндүк берерин айтты.
Өз кезегинде Иран Парламентинин Төрагасы Мохаммад-Багер Галибаф белгилегендей, парламенттер аралык кызматташтыктын өнүгүшү Иран менен Кыргызстандын достугун бекемдебестен, эки өлкөнүн элдеринин бакубаттуулугуна оң таасирин тийгизет.
Жолугушуунун соңунда Бакыт Төрөбаев эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн бардык багыттары боюнча пайдалуу кызматташтыктын уланышына ишенимин билдирди.