30
Июль
МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Ирандын жаңы шайланган Президенти Масуд Пезешкиан менен жолукту
Иран Ислам Республикасына жумуш сапары менен барган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев жаңы шайланган Президент Масуд Пезешкиандын Иран Ислам Республикасынын Президенти кызматына расмий киришкендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун атынан саламын жана куттуктоо сөздөрүн жолдоп, иран элинин жыргалчылыгы үчүн бул маанилүү жана жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады.
Бакыт Төрөбаев эки өлкөнүн ортосундагы саясий байланыштын жогорку деңгээлин белгилеп, Кыргызстан Иран менен достук мамилеге өзгөчө маани берерин, бул эки тараптуу кызматташтыкты көптөгөн тармактарда өнүктүрүүгө бекем негиз түзөрүн билдирди.
Өз кезегинде Ирандын жаңы шайланган Президенти Масуд Пезешкиан иран тараптын жүргүзүлүп жаткан саясий диалогду улантууга, ошондой эле кыргыз-иран кызматташтыгын прогрессивдүү өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө даярдыгын белгиледи.
Белгилей кетсек, Ирандын жаңы шайланган Президенти Масуд Пезешкиандын расмий ант берүү аземине Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев дагы кыргыз делегациясынын башчысы катары катышты.
Ант берүү аземине катышуу үчүн Тегеран шаарына бир катар чет өлкөлөрдүн мамлекет, өкмөт жана парламент башчылары, анын ичинде Тажикстандын Президенти, Армениянын Премьер-министри, Россиянын, Өзбекстандын, Казакстандын спикерлери, Түркмөнстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – тышкы иштер министри, ошондой эле башка чет мамлекеттердин жогорку кызмат адамдары келген.