31

Июль

2024

Акылбек Жапаров Кыргызстан 2030-жылга чейин Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетишүү боюнча алдыңкы 30 өлкөнүн катарына кириши керектигин билдирди

2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында белгиленген максаттардын жарымы аткарылды. Биз 2030-жылга чейинки өнүктүрүүнүн улуттук программасын иштеп чыгууга кириштик.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Президенттин Администрациясынын коллегиясынын отурумунда билдирди.

“Кыргызстан 2030-жылга чейин Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына (ТӨМ) жетишүү боюнча алдыңкы 30 өлкөнүн катарына кириши керек. 2030-жылга чейин 30 млрд долларга жеткен ИДПга жетүү негизги максат болот. Ал үчүн ИДПнын жылдык номиналдык өсүшүн 10-12%деңгээлинде кармап туруу зарыл. Дүйнөлүк банктын классификациясына ылайык, Кыргызстан жан башына ИДП көрсөткүчү боюнча ишенимдүү түрдө көтөрүлүп, 2030-жылга чейин кирешеси ортодон жогору өлкөлөрдүн катарына кирип, азыркы кирешеси ортодон төмөн өлкөнүн абалынан чыгышы мүмкүн. Өнүгүү программасы ушул сандарды эске алуу менен түзүлөт”, - деди Акылбек Жапаров.