31
Июль
Президенттин Администрациясынын коллегиясынын чечими менен айрым мамлекеттик органдардын ишине баа берилип, кээ бир жетекчилерге тартиптик чара көрүлдү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун жетекчилиги алдында өткөрүлгөн Президенттин Администрациясынын коллегиясынын отурумунун жыйынтыгы менен айрым мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө тиешелүү баа берилип, кээ бир жетекчилерге тартиптик чара көрүлдү:
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларынын–акимдердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин аймактардагы маданият үйлөрүнүн, китепканалардын ишин уюштуруудагы аракеттери жетишсиз деп таанылып, министрликке бир катар тапшырмалар коюлду.
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин нотариус кызматы боюнча жүргүзүп жаткан иши жетишсиз деп таанылып, Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыковго нотариус тармагындагы министрликтин кемчиликтери үчүн “сөгүш” тартиптик чарасы жарыяланды;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун дайындоодо даректүүлүк маселесинде көрүп жаткан аракеттери “жетишсиз” деп таанылып, министрликке тиешелүү бир катар тапшырмалар берилди.